Айлана-чөйрөнүн булгануусунун, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу мастер-класс

Жалал-Абад медициналык колледжинде 2026-жылдын 27-февралында Айылчиева Б. А. тарабынан «Экологиянын негиздери» предмети боюнча окутуучулар үчүн мастер-класс өткөрүлдү.
Сабакта мээ чабуулу, топтор менен иштөө, кейс жана кластер ыкмалары колдонулду. Бул ыкмалар аркылуу айлана-чөйрөнүн булганышынын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча маселелер кеңири талкууланып, чечмеленди.
Ошондой эле экологиялык маселелер башка көйгөйлөр сыяктуу эле аз-аздан топтолуп, бара-бара чоң көйгөйгө айланары, ал эми кичине кадам чоң өзгөрүүгө жол ачаары белгиленди.
Күнүмдүк турмушта ар бирибиз экологияны коргоо боюнча жоопкерчиликти сезип, жаратылышты сактоого жана коргоого милдеттүү экенибиз баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *